География:ЧАБАЙ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Баткен облусунун Кадамжай р-нундагы сымап ж-а сурьма рудасы бар жер. Кызылкыя ш-нан түш.-чыгышта, Алай кырка тоосунун түн. этегинде, Чабай суусунун боюнда. Кен жерг. элге илгертен белгилүү (10–13-к-дагы кен казындылары табылган). 1914-ж. кен катары ачылып, 1930- ж-а 1940-ж. геол. жактан чалгындалган. Мында 15 участкасы бар.

Кен аймагын силурдун терриген чөкмө тектери, девон м-н карбондун доломит, акиташ тоо тек катмарлары, неоген-антропогендин борпоң чөкмөлөрү түзөт. Бул тектер бүктөлүүгө дуушарланып, батыштан чыгышты карай созулган антиклиналь структурасын пайда кылган. Анын түш. канаты тектон. жарака м-н тилмеленген. Участкалар бири-бирине удаа жайгашып, кеңдик багытында тектон. зонаны бойлой 8 кмге созулат. Руда тулкулары кабат, линза, тарам ж-а уя түрүндөгү кремнийлүү, карбонат-кремнийлүү ж-а акиташ-кальциттүү брекчиялардан турат. Алардын калыңдыгы 0,5–12 м, уз. 60–120 м. Руда минералдары брекчиянын цементине топтолгон. Алардын негизгилери–киноварь, ан тимонит, реалгар, аурипигмент, халькопирит, малахит, азурит ж. б. Кен 1942-жылдан казылып алынууда.