География:ТҮНДҮК ФЕРГАНА ТАШКӨМҮР БАССЕЙНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Фергана тоо тизмегинин этегинде ж-а Чаткал кырка тоосунда юра катмарында жаткан көмүрлүү аймак. Таш көмүрлүү бассейн туурасы 10 кмге жакын болгон тилкени түзүп, Майлысуудан (Сарыбээ) Аркытка чейин 75 кмге созулуп жатат. Бассейнде Ташкөмүр (Нарын), Майлысуу (Сарыбээ), Каратыт, Тегене, Кожата, Пачата, Аркыт (Сарычелек) кендери белгилүү. Ноокен, Аксы р-нун аймагында.