География:ТРУДОВОЙ КАЛАЙ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ысыккөл облусунун Аксуу р-нунда, Сарыжаз, Эңилчек-Кайынды сууларынын аралыгында, Эңилчек тоосунун түш.-батышында, деңиз деңг. 2900–4100 м бийиктикте жайгашкан.

1962-ж. ачылган. 1963–1988-ж. чалгындалып, запасы бекитилген. Кен аймагы жогорку силур–төмөнкү девон мезгилинин жанартоо терриген-карбонат катмарларынан ж-а аларды палеозойдун аягында жиреп чыккан граниттерден түзүлгөн. Калай рудасы граниттерде жайгашып, касситерит, шеелит ж-а вольфрамит минералдары бар кварц, кварц–турмалин, турмалин тарамдарынан турат. Рудалык заттардын уз. 48–768 м, калыңдыгы 0,53–2,36 м, калайдын орт. өлчөмү 0,64%, вольфрамдын үч кычкылы–0,38%. Бекитилген запасы: калайдыкы С1+С2–149,1 миң т, вольфрамдыкы–С1+С2–95,6 миң т.