География:ТОКМОК КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ
Чүй рнунда, Токмок ш-нан 1 км түш.-чыгышта.
Чүй суусунун сол жээгинде жайгашкан. 1961-ж. табылган. Кен аймагын антропоген мезгилинин борпоң чөкмө тектери түзөт. Пайдалуу кум-шагыл катмары аллювий чөгүндүсүнөн пайда болуп, Чүй суусунун эски нугунда жатат. Калыңдыгы 5–8 м, уз. 950 м. Гранулометриялык составы: 60 мм–20,95%; 60–40 мм–24,65%; 40– 25 мм–17,07%; 25–15 мм–11,55%; 15–10 мм–3,75%; 10–7 мм–1,53%; 7–5 мм–1,1%; 3–2 мм–0,65%; 2–1 мм–1,9%; 1–0,5 мм– 6,50%; 0,5–0,25 мм–3,25%; 0,25 ммден майдасы 2,37%. Кум-шагыл «300», «500» маркасындагы бетонго жарамдуу. Запасы С1 категориясы б-ча 282,7 миң м3.