География:ТЕРЕКТИ СУРЬМА КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Жалалабат облусунун Алабука р-нунда. Терексай шаарчасынын түн. тарабында. Чаткал кырка тоосунун түш. капталында жайгашкан.

1935-ж. табылган. Кен аймагын силур, девон ж-а карбон мезгилдеринде пайда болгон акиташ теги, мрамор, кристаллдуу сланец, кумдук, конгломерат, алевролит тектери түзөт. Бул тектер татаал бүктөлүүгө дуушарланып, субмеридиан багытындагы брахиантиклиналды түзүп жатат. Аларды диорит-гранит, ультрабазит-габбродиорит интрузиялары жиреп чыккан. Чөкмө тектер интрузиянын таасиринен роговиктерге ж-а жаспероиддерге айланган. Сурьма рудасы кабат түрүндө брекчияланган роговик м-н акиташ тектеринин кошулган жеринде топтолгон. Руда тулкусунун уз. 40– 150 мге, калыңдыгы 0,5– 1,9 мге чейин. Негизги минералдары: антимонит, пирит, чанда сфалерит, буланжерит, жемсонит, арсенопирит ж. б. Герцин металлогениялык доордо гидротермден пайда болгон.