География:ТЕРЕК АЛТЫН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Жалалабат облусунун Чаткал р-нунда. Чаткал кырка тоосунун түш. капталында. Кен аймагын мрамор ж-а сланецтер түзүп, ал тоо тектерди ультрабазит ж-а гранит-диорит интрузиялары жиреп чыккан. Мрамор м-н сланецтердин контактында алтын м-н сурьманын рудалары топтолгон жаспероиддер орун алган. Башкы руда минералдары: алтын, пирит, пирротин, арсенопирит, антимонит.

Кендеги алтындын өлчөмү 5,4 г/т, С1 категориясы б-ча эсептелген запасы 3680 кг.