География:НАДЫР ТЕМИР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Баткен облусунун Кадамжай р-нунда. Кадамжай кышнан 90 км түш.-чыгышында. Катраңтоо ж-а Эшметоо жалчаларынын аралыгындагы Сарталаа өрөөнүндө жайгашкан.

1931-ж. табылган. Кен аймагын палеозойдун чөкмө тектери м-н габбро, перидотит дайкалары түзөт. Темир рудасы карбондун скарндашкан акиташ тектеринде линза сымал кабатчалар түрүндө жатат. Алар негизинен дайкаларга жакын чектерге топтолгон. Руда тилкесинин уз. 12 кмге чейин созулат. Мында руда линзалары 50–70 м аралыкка үзүндү-үзүндү болуп жатат. Алардын уз. 1310 мге, калыңдыгы 17,1 мге жетет. Рудада гематит м-н магнетиттен башка аз санда пирит, халькопирит, борнит учурайт. Рудада темир 41,19%, пайдалуу компоненттерден МnО–3,20%, ТiО2– 0,30, NiО–0,5%, V2O4–0,04%. Запасы С1 ж-а С2 категориялары б-ча 1,019 млн т.