География:КЕТМЕНТӨБӨ ТУЗ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

, Ш а м ш ы к а л т у з к е н и – Токтогул р-нундагы таш туз чыккан жер. Токтогул шаарчасынан 30 км чыгышта, Кетментөбө өрөөнүндө, Нарын д-нын оң өйүзүндөгү Шамшыкал бөксө тоосунда. Кенди жерг. эл илгертен пайдаланган. 1932-ж. алгачкы геол. жумуштар жүргүзүлгөн. Кен аймагын миоцендин кургакчыл климаттуу шартында пайда болгон чопо, алевролит, мергель, кумдук ж. б. чөкмө тектери түзөт. Алардын арасында гипс м-н туздун линза сымал кабаттары жатат. Туздун 15 кабаты табылган. Ар биринин калыңдыгы 1 мден 5–6 мге чейин, уз. 3– 4 км. Туздун составында: галит 89–98%, глауберит 1,5–7%, тенардит 0,5–1% ж-а астраханит 0,5%. Галит ири, орто ж-а майда кристаллдуу; түсү ак, агыш боз, чанда тунук (Шамшыкал туз). Туз кабаттары чопо м-н аралашкан. Запасы 5589 миң т (1975).