География:КАТРАҢБАШЫ АЛЮМИНИЙ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Баткен облусунун Кадамжай р-нунда, Катраңбашы тоосунда, деңиз. деңг. 1450– 3000 м бийиктикте. 1964- ж-а 1973-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы девондон ж-а төмөнкү ташкөмүр мезгилинде пайда болгон карбонат тоо тек катмарларынан түзүлгөн. Алардын ичинде диаспор-темир курамындагы бокситтин 100дөй жикче катмары бар. Алюминий кычкылынын өлчөмү 38,38 –62,76%. Алюминий кычкылынын божомолдуу запасы 4110 миң т.