География:ИЗБАСКЕН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Жалалабат облусунун Ноокен р-нундагы мунай ж-а газ чыгуучу жер. Жалалабат ш-нан 55 км түн.батыш тарапта, Фергана өрөөнүнүн түн.батышында. Мунайдын табигый түрдө агып чыгышы жерг. элге илгертен белгилүү. 1946-жылдан геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, 1950-жылдан мунай, 1957-жылдан күйүүчү газ алына баштаган. Кен аймагында неоген мезгилинде пайда болгон конгломерат, кумдук, чопо, палеогендин акиташ теги, чопо катмарлары бар. Мунай палеоген тоо тектериндеги кумдуктун арасында 4 горизонтту түзүп жатат. Кен аянты 1,00,5–7,01,0 км. Мунай 2400 мге чейинки тереңдикте кезигет.

Салышт. салм. 0,849–0,870 г/см3, илээшкектиги 5,2–9,6 (50°С), күкүрттүүлүгү 0,109–0,287%, күлдүүлүгү 0,04–0,12%. Составындагы асфальтен 0,5–1,66%, кокс 3,03–5,55%, акциз чайыры 16–50%. Газ бор мезгилинин аягында пайда болгон тоо тек катмарында топтолгон. Мында газдын ө. ж. маанидеги 8 горизонту бар. Аянты 2,00,5 км2. Кенден жылына 56,7 миң т мунай, 6,6 млн м3 газ алынат.