География:ЗАРДАБУКА СЫМАП КЕНИ
Ош облусунун Каракулжа р-нунда, Чыгыш Алайдын Тоголокташ тоосунун кырында, Көксуу суусунун баш жагында, деңиз деңг.
3850–4070 м бийиктикте. 1970–72-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын төмөнкү-ортоңку девондун жанартоо-терриген тектери м-н силур ж-а төмөнкү девондун акиташ тектери түзөт. Эффузия ж-а акиташ тектеринин кошулган жериндеги жаракалуу зона м-н туурасы 50– 200 м болгон рудаланган акиташ тилкеси туташ жатат. Калыңдыгы 5–25 м болгон штокверк. Жарака ж-а уя сымал руда тулкулары жүз метрге чейинки аралыкка созулат. Руда жалаң киновардан ж-а тубаса сымаптан турат. Сымаптын орт. өлчөмү – 0,58%. Кендин 20 м тереңдикке чейинки эсептелген запасы 1213 т.