География:ЗАРДАЛЕК НЕФЕЛИНДҮҮ СИЕНИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Баткен р-нунда, Зардалек сайынын баш жагында, Алай кырка тоосунун түн. капталында, деңиз деңг. 1800–3200 м бийиктикте. 1961–62-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермьтриас мезгилинин кесек ж-а майда бүртүктүү нефелиндүү сиениттер, жегичтүү сиениттер, габбролор ж-а монцониттер жиреп чыккан силур, девон, ташкөмүр мезгилдеринде пайда болгон сланец, акиташ ж-а доломит тектеринен түзүлгөн. Руда тулкулары содалитүү, нефелин-содалиттүү, нефелиндүү ж-а канкриниттүү сиениттерден турат. Нефелиндүү сиениттеги алюминий кычкылынын өлчөмү 20,32– 24,60%, чакмакташ модулу 3,76; жегич модулу 0,91. Аллюминий кычкылынын божомолдуу запасы 202 млн т.