География:БИРКСУУ СЫМАП КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Баткен р-нунда. Түркстан кырка тоосунун түн. этегиндеги Андыген тоосунда. 13-к-дан белгилүү.

Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон акиташ тектери түзөт. Тоо тек катмарлары бүктөлүүлөргө дуушарланып, тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Сымап рудасы ошол жаракалар м-н байланышкан ж-а ал негизинен антиклиникалдуу түзүлүштөрдүн чегиндеги брекчия зоналарында топтолгон. Кен шток сымал майда руда түйүндөрүн түзүп жатат. Жалпы уз. 25 км, туурасы 0,5–3,5 км келген аймакта руданын саны 29га жетет. Сымап алынуучу минерал–киноварь. Андан башка кальцит, пирит, халькопирит, куприт, азурит, кээде кварц ж-а флюорит кездешет. Алар бардык жерде бирдей таралган эмес. Руда герцин металлогениялык доордун аягында гидротермден пайда болгон. Кен аймагында 320дан ашык байыркы казынды бар. Кен 1946–50-ж. казылып, киреше бербеген соң убактылуу токтотулган.