География:БАЛАЧЫЧКАН ТЕМИР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Талас ш-нан 30 км чыгыш,Чатбазар айлынан 5 кмдей түш.-чыгыш тарапта, Талас Алатоосунун этегинде жер бетине чыгып жатат. Руда пироксенит тоо тегинин тулкусунда. Титан-магнетит, ильменит, магнетит, сульфид минералдарынан турат. Негизги минералы–титан-магнетит. Анын курамында темирдин, титандын, ванадийдин ж-а кобальттын казып алууга арзырлык өлчөмдөрү бар. Темирдин С2 категориясы б-ча эсептелген запасы 535,4 миң т. Кенди жер үстүнөн карьер ыкмасы м-н казып алууга болот.