География:АТЖАЙЛОО КАЛАЙ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ысыккөл облусунун Аксуу р-нунда. Эңилчек кышнын түш.-чыгыш тарабында. Эңилчек ж-а Кайыңды өрөөндөрүнүн аралыгында.

1961-ж. табылган. Кен аймагын силур мезгилинин башталышында пайда болгон акиташ, сланец тектери ж-а аларды жиреп чыккан карбондун интрузия тектери түзөт. Чөкмө тектер метаморфизмделген мрамор м-н роговикке айланган. Руда негизинен интрузиянын экзо- ж-а эндоконтактыларындагы карбонаттуу тоо тектерде топтолгон. Ал граниттин апофизин бойлой тарам, уя, линза түрүндө жатат. Айрым тарамдардын уз. 0,5 км, калыңдыгы 0,3–4,0 м. Минералдык составы б-ча кварц-турмалиндүү, молибдендүү, касситерит-сейрек металлдуу, касситерит-вольфрамиттүү, касситерит-турмалиндүү, турмалин-флюориттүү, кварц-сульфиддүү, карбонатфлюориттүү болуп бөлүнөт. Кенде 60тай минерал кездешип, алардын негизгилери: касситерит, вольфрамит, халькопирит ж. б. Калайдын запасы 11,3 миң т.