География:АКШАГЫЛ АЛЮМИНИЙ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Баткен р-нунда, Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы Акшагыл тоосунда, деңиз деңг. 1150–1921 м бийиктикте. 1963–66-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Руда тулкулары кыска линза ж-а уя сымал топтолуп, ортоңку девондун акиташ тегинде жатат ж-а ортоңку таш көмүр мезгилинин акиташ-доломит брекчиялары м-н жабылган.

Руда тулкуларынын саны 60ка жетет, калыңдыгы 0,5–4 м. Руданын минералдык курамында диаспор-темирлүү боксит үстөмдүк кылат. Алюминий кычкылынын өлчөмү 52–57%, оттук таш модулу 4,3– 8,8% түзөт. Акшагыл кенинин бокситтери сапаты б-ча жогорку өнөр жайлык Б–3 ж-а Б–1 маркасына тиешелүү. Алюминий кычкылынын болжолдолуу запасы 391 миң м3.