География:АКӨЛӨҢ СИЕНИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Ысыккөл облусунун Тоң р-нундагы сиенит кооз ташы чыккан жер. Балыкчы ш-нан 18 км түштүктө, Акөлөң кыш-нан 4 км түш.-батыш тарапта, Оттук тоосунун түш. этегинде. 1974-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагы таш көмүр мезгилинин аягы–пермь мезгилинде пайда болгон сиенит тоотектеринен түзүлгөн.

Кен ири кристаллдуу сиенит штогунан турат. Штоктун уз. 230 м, туурасы 100–130 м. Ири кристаллдуу сиенит боз, көгүлтүр ж-а бозомук кызгылт түстө болуп, анортоклаз, биотит, роговой обманка ж. б. минералдан турат. Алардын эң коозу–анортоклаз. Ал башка кристаллдарга караганда бир нече эсе чоңураак келип, сиениттин порфир сымал негизги структурасын түзөт. Мында ири кристаллдар 15–60%. Алардын уз. 30 см, туурасы 8 смге жетип, жылмаланган таштын бети кубулжуп, өтө кооздугу м-н өзгөчөлөнөт. Уз. 1–2 мге жеткен бышык ж-а жакшы жылмаланган такталар алынат. Запасы А категориясы б-ча 356,6 миң м3, В –595,1 миң м3, С1– 390,9 миң м3. Алар м-н имараттардын ички ж-а сырткы дубал беттерин каптап кооздосо болот. Ал эми кубулуп турма кооз кристаллдар майда асем буюмдарды жасоого жарактуу. Кен карьерден казылып, блоктор Токмок ш-ндагы таш кесүү з-дунда иштетилип, респ-дагы курулуштарга пайдаланылууда.