География:КЫЗКОРГОН КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Күнгөй Алатоонун түш. капталында. Чолпоната суусунун сол куймасынын алабынан орун алган. Байыркы мөңгү эригенде Кызкоргон суусу көбөйүп, тик капталдуу жалама капчыгайды пайда кылган. Уз. 7 км, деңиз деңг. бийикт. 2000–2800 м. Туурасы 10 мден 500 мге чейин. Капчыгай Сараласаздын тушуна жеткенде кууштап, тектон. жарака б-ча шаркыратма пайда кылып, улам төмөндөгөн сайын 500 мге чейин кеңеет. Төмөнүрөөк Агалаташ тоосун кесип өтүп, кайрадан кууштайт. Чыгыш капталы байыркы түздүктүн калдыгы. Суунун нугунан 30–450 м көтөрүңкү. Батышы байыркы мөңгүнүн шилендилеринен туруп, суунун нугунан 150–300 мге көтөрүлөт, өсүмдүктөргө бай. Каледондун кызыл, боз, гранит, гранит-диорит ж. б. тектеринен түзүлгөн. Капчыгайдын таманында ж-а батышында карагай, арча, табылгы, бөрүкарагат, карагат ж. б., чыгышында бийик чөптүү шалбаа өсөт. Туризмге ылайыктуу. Жай мезгилде эмгекчилер эс алат.