География:КӨКӨМЕРЕН КАПЧЫГАЙЫ
—Ички Теңиртоодо субмеридиан багытта жайгашкан антецеденттик капчыгай. Жумгал м-н Суусамыр тоолорун бөлүп турат. Суусамыр ж-а Жумгал өрөөндөрүн байланыштырат. Уз. 46 км, туурасы 40–120 м (структуралык чуңкурларда 200 м). Капталынын бийикт. 600–1450 м, тиктиги 30–75°, кээде 80–85°. Баш жагында Сандык-Кишиней капчыгайы (капталы 40–45°) бар. Бул жерге тосмо куруу долбоорлонгон. Андан ылдый кененирээк Ойкайыңды (оң бети 38–40°), андан кийин шагыл-корум, боз граниттүү Бороондуу (Бообек), орто бөлүгүндө Кызылой тектон. өрөөнү, төмөнкү агымында кумдук ж-а акиташ тегин кескен Көккайыңды (Курган), Ойтеректен өткөндөн кийин түш.-чыгышка бурулуп, кууштап, Жумгал өрөөнүнө чыккан жери Үчкумкүнгөй деп аталат. Мында туурасы 150–200 мге жетип, сол жагында палеогендин кызыл чополуу конгломераты бар. Капчыгайдын чарбалык мааниси чоң; ГЭС каскаддарын курууга өтө ыңгайлуу.