География:КАКШААЛ КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ички Теңиртоонун түштүгүндө, Какшаал тоо тизмегинде. «Үчсуунун куйганы» деп да аталат.

Аксай, Мүдүрүм ж-а Көккыя суулары кошулган жерден мамл. чегарага чейин 25 кмге созулуп жатат. Түштүгүндө Көккыя, түндүгүндө Бозой ж-а Чычардын тоолору жайгашкан. Атбашы р-нун аймагында. Деңиз деңг. 2800–2900 м бийиктикте жайгашкан. Эң кууш жери 100–150 м (кээде каньон сымал), чегарада 400–800 м, суунун таманында 20–40 м. Капталынын салыштырмалуу бийикт. 400–800 м, тиктиги 55–60°. Капталдарында 80–700, 140– 160, 200–250 м бийикте кашат тибиндеги жантаймалар бар. Чегарада капчыгай кууш, зоокалуу. Суу капчыгайдын таманын дээрлик ээлеп агат. Генезистик тиби б-ча антецеденттик өрөөн. Ландшафтында субальп ж-а альп талаасы, субнивалдык чөл алкактары басымдуу.