География:БООМ КАПЧЫГАЙЫ
— Күнгөй Алатоонун батыш четинде жайгашкан өткөөл капчыгай; Күнгөй Алатоонун батыш учун, Терекжону тоосунун чыгыш учун ж-а бул эки тоонун ортосундагы байыркы өрөөндү кесип өтөт. Уз. 25 км, таманынын жазылыгы 150–350 м. Капталдарынын салыштырмалуу бийикт. 500–800 мге чейин. Генезистик тиби б-ча антецеденттик өткөөл капчыгай. Плейстоценде Ысыккөлдүн деңгээли жогору кезинде анын түн.-батыш жээги Боом капчыгайына жетип турган.
Көлдөн агып чыккан суу Күнгөй Алатоонун бир тармагы — Каражылганын жапыз кайкысын ашып азыркы Коңорчок (Чүйдүн сол куймасы) суусуна куйган. Ал мезгилде Коңорчок Чоң Кеминге сол тараптан куюп, Боомдун көп бөлүгүн (Коңорчоктун чатынан Чоң Кемин суусуна чейин) Коңорчоктун өрөөнү түзгөн. Ал эми Боомдун түш., өтө кууш бөлүгү (Коңорчоктун чатынан түш. тарабы) — Каражылга тоосун Ысыккөлдүн суусу жеп отуруп капчыгайды пайда кылган (мындан 8–12 миң жыл илгери). Капчыгайдын Коңорчоктун чатынан Чүй өрөөнүнө чыга беришке чейинки бөлүгү мурда, Коңорчоктун чатынан Каражылга коктусуна чейинкиси (Боомдун Ысыккөл жаккы четинде) кийин пайда болгон. Б. к-на протерозой ж-а палеозойдун кристаллдуу тектери (гранит, сланец, гранит-диорит, порфирит ж. б.), байыркы өрөөндүн аймагына (борб. бөлүгүндө) палеоген м-н неогендин кызыл, боз чөкмө тектери мүнөздүү. Б. к. морфологиялык жактан 3 бөлүктөн турат: төмөнкү, борб. ж-а жогорку. Төмөнкү бөлүгү (Боомдун түн. бөлүгү) Чүй д-нын Терекжону тоосунун чыгыш учун кесип өткөн жерине туура келет. Бул бөлүгү кууш (таманынын эни 150–200 м), капталдары тик (50–60°ка чейин) ж-а бийик (500– 600 м). Тоо капталдарында гравитациялык процесстер, Чүй д-нын нугунда терең кеткен эрозия өөрчүгөн. Борб. бөлүгү (Кызылкөпүрө м-н Кызкүйөө айылынын ортосу)— Боомдун кенен жери (250–300 мге чейин). Капчыгайдын оң капталы тик (45– 50°ка чейин) ж-а бийик (1 кмге чейин), сол капталы — Күнгөй Алатоо м-н Терекжону тоосунун ортосунда жаткан палеогеннеоген чөкмөлөрүнөн турган бийик (300– 400 м) адырлардан (айрым жерлеринде «чаптардан») турат. Түш. бөлүгү (Кызылкөпүрөдөн Каражылга коктусуна чейин) Чүй д. Күнгөй Алатоонун батыш четин кесип өткөн жерге туура келет. Боомдон Ысыккөл тарапка улан шамалы согот; анын ылдамдыгы жаз, күз мезгилдеринде 20–30 м/секга жетет. Капчыгай аркылуу Чүй д. (куймалары Коңорчок, Суулутерек, Кургактерек, Ыңырчак, Карасуу ж. б.) агып өтөт. Негизинен таштак чополуу чөл, жарым чөл ж-а аскалуу каксоо талаа ландшафттары мүнөздүү. Капчыгай аркылуу Бишкек — Балыкчы темир жолу ж-а Бишкек — Торугарт авт. жолу өтөт. Б. к. тарыхта эзелтен бери белгилүү. Кылымдар бою элдердин карым-катышы үчүн, ал түгүл эл аралык транзиттик жол катары да пайдаланылган. 19–к-дын орто ченинде Б. к-нда 3 «кой» жолу болгон. «Кой» жолдордун бири 1868–71-ж. капчыгайда курулган араба жолго негиз болгон. Боомдун аймагын жерг. эл илгертен бери эле мекендеп, пайдаланып келген. Аны айтылган жолдордон тышкары, капчыгай дын ичиндеги археол. эстеликтер, жер-суу аттары, тарыхый кол жазмалардагы даректер, фольклордук материалдар далилдеп турат. Байыркы ж-а о. кылымдардагы Кытай (Чжан Цянь, Сюань Цзан), арабфарс (Тамим ибн-Бахр, Ибн-Хордадбек, Гардизи ж. б.) саякатчыларынын, өзгөчө 14–15-к-дагы тарыхчылардын маалыматтары Боом капчыгайынын мааниси жөнүндө белгилүү түшүнүк берет. 1376, 1383– 84-ж. Могулстанга каршы жортуулга чыккан Тимурдун аскери Боом капчыгайы аркылуу өткөн. Топонимдин өзү да адабиятта биринчи жолу ушул мезгилде кезигет. Низам ад-Дин Шами (14-к.; Йсигкул буум), Шараф ад-Дин Езди (15-к.-Бугам Аси кул) экөө тең номенди «Ысыккөл боому» түрүндө беришет. Орусча адабияттарда ал Бом, Буам формасында да жолугат. Байыркы түрк, азыркы алтай, тува, монгол ж. б. тилдерде боом «аскалуу тумшук», тик кыя; зоока; «тар капчыгай» деген маанини берет.