География:АКБУУРА—ТУРУК КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Алай кырка тоосунун түн. капталындагы шаңшаар (каньон) сымал кууш капчыгай.

Акбуура (Турук) суусунун багыты б-ча түштүктөн түндүккө (Кызылчарба ж-а Алчалы кыш-нын аралыгында) 40–45 кмге созулат. Таманынын жазы жери 2–2,5 км, кууш жери 500–700 м, деңиз деңг. орт. бийикт. 1900–2000 м. Капчыгай палеозойдун кумдук, акиташ теги, сланец ж-а гранит, гранит-диорит интрузия тектерин суу жеп капчыгайлар тилмеленүүсүнөн пайда болгон. Каньон формасында. Капчыгай аркылуу Чалкуйрук өрөөнү тарапка авт. жолу өтөт. Таманында бадалдуу токой кездешет.