География:ЧЫГЫШ КӨКСУУ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Алай кырка тоосунун чыгыш учунда. Көксуунун аккан багыты б-ча түндүктөн түштүккө ж-а чыгышка 70–75 кмге созулат. Алай р-нун аймагында. Баш жагы кенен (6–7 км), мөңгүнүн аракетинен пайда болгон.

Төмөнкү бөлүгү V сымал капчыгайды түзөт. Өрөөн силурдун ж-а девондун кумдук, сланец, акиташ ж. б. тектерин суу жеп үбөлөнүүсүнөн пайда болгон. Көксуунун таманынын жапыз жери 2980–3000 м, бийик жери 3600–3700 м. Таманында бадал ж-а шалбаалуу токойлор кездешет.