География:ЧҮЙ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Түн. Теңиртоодогу ири өрөөн. Түштүгүнөн Кыргыз Алатоосу, түндүгүнөн Чүй-Иле тоолору м-н чектелген. Чүй д-нын ортоңку агымында жайгашып, түш.-чыгыштан түн.-батышка 250 км аралыкка созулат. Аянты 32 миң км2.

Өрөөндүн чыгыш жагы кууш (10–12 км) ж-а туюк келип, Боом капчыгайы аркылуу Ысыккөл өрөөнү ж-а Ички Теңиртоо м-н байланышат. Батышы жазы (90– 100 км) ж-а ачык келип, бара-бара Казакстандын Моюнкум чөлдөрүнө өтөт. Кыргнга өрөөндүн Чүй д-нын сол тарабы (Ашмара суусуна чейинки бөлүгү) тийиштүү, калган бөлүгү Казакстанга карайт. Теңиртоонун физ.-геогр. райондоштуруу схемасында Ч. ө. өз алдынча табигый аймакты түзөт. Ч. ө-нүн таманы деңиз деңг. 500– 1300 м бийик жайгашып, түн.-батышты көздөй эңкейиштейт. Өрөөн негизинен палеозой м-н кайнозойдун кумдук, акиташ теги, конгломерат, алевролит, филлит, гипс, чопо тоо тектеринен ж-а төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмөлөрүнөн турат. Түн. канаты жантайыңкы, түш. канаты тик, жылышуу тибиндеги терең жаракалар м-н тилмеленген. Түш. канатын бойлой неоген мезгилдеринин кумдук, чопо, алевролит ж-а конгломерат чөкмө тектери адыр сымал анчалык чоң эмес антиклиналды түзүп жатат. Түндүккө карай бул тоо тектер тереңирээк жатып, төртүнчүлүк мезгилинин чопо, кум-шагылдары м-н басырылып калган. Минералдуу арашан булактар бар (к. Ысыката минералдуу суусу, Аламүдүн минералдуу суусу). Өрөөндүн үстүнкү бетинде Чүй д-нын ж-а анын куймаларынын шилендилери жатат. Ч. ө. рельефи ж. б. өзгөчөлүктөрү м-н айырмаланган бир нече бөлүктөн турат. Чүй д-н бойлоп жайылма ж-а 2 тектирлүү түздүктөр созулат. Алар баш жагында кум, шагылташ, төмөн жагында кум-ылай шилендилеринен түзүлгөн. Түштүгүрөөк жакта Батыш Чоң Чүй каналынын трассасына чейин Борб. түздүк орун алган; батышы жазы, чыгышты көздөй улам кууштап, Токмок ш-нын жанында бүтөт. Мында жер астындагы суулар 0,5–4 м гана тереңдикте жатат; ал эми түш. тарабында кара суулар чыгуучу тилке бар. Түздүк кара суулардын нуктары м-н кеңири тилмеленген. Кырг-ндын түн.-батыш чегинен (Степной кыш-нан) баштап (негизинен Казакстанда) Чүй д-нын жайылмасын бойлой жапыз плато сымал Сарыгоо түздүгү орун алган. Ал чопо тектерден түзүлүп, аң, коолор м-н тилмеленген. Өрөөндү курчап турган тоолорду этектеп 650–1300 м бийикте тоодон агып түшкөн суулардын кум-шагыл шилендилеринен түзүлгөн, жазылыгы 3–15 км конустар (же шиленди) жайгашкан тилкенин бети таштак келип, Чүй д-н карай эңкейиштейт. Климаты континенттик. Жайы кургак ж-а ысык, кышы мелүүн-суук, тоолуу бөлүгүндө климаты бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт. Июлдун орт. темпрасы 20–25°С, январдыкы —4,5...–9°С. Жылдык жаан-чачыны 350–440 мм, жылуу мезгилдин узактыгы 250 күн. Негизги дарыясы — Чүй. Өрөөндүн аймагындагы анын ири куймалары: Чоң Кемин, Ысыката, Аламүдүн, Аларча, Жыламыш, Аксуу, Карабалта ж. б. Ч. ө. жер астындагы сууларга да өтө бай, алар көп сандаган кара сууларды, саздарды, көлдөрдү пайда кылып, сугатка кеңири пайдаланылат. Өрөөн чарбалык жактан дээрлик өздөштүрүлүп, табигый ландшафттары өтө көп өзгөргөн. Деңиз деңг. 900–950 м бийиктикке чейин боз топурактуу жарым чөл ландшафты мүнөздүү. Анда негизинен шыбак, жазында гүлдөөчү эфемер чөптөрү өсөт. Тоо этектеринде ж-а өрөөндүн баш жагында (деңиз деңг. 900 мден өйдө) ачык коңур топурактуу кургак талаа ландшафты өөрчүгөн; анда шыбак, бетеге, кылкан чөп, буудайык, коңурбаш өсүмдүктөрү басымдуу. Таштак жерлерде, сайларда майда бадалдар (алтыгана, итмурун), кара суулардын боюнда, Чүйдүн жайылмасында камыштуу саздар бар. Мында көп тармактуу татаал ирригациялык система курулган. Өрөөндө Бишкек, Токмок, Карабалта, Аксуу, Кант, Шопоков шаарлары, Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Чүй, Ысыката, Кемин р-ндору ж-а жүздөгөн айыл кыштак, ондогон шаарча жайгашкан. Өрөөн аркылуу Луговой — Балыкчы т. ж. өтөт. Ч. ө-ндө Бурана, Шишдөбө, Сарыг, Суяб, Төлөк, Карранжуван, Кегети, Нускет шаар урандылары бар. Т. Кулматов