География:ЧАТКАЛ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Түш.-Батыш Теңиртоодо, Чаткал ж-а Пскем кырка тоолорунун аралыгында 900–2500 м бийиктикте жайгашкан. Уз. 200 км, туурасы 20 кмдей.

Ч. ө-нүн төр жагы кууш. Чаткал суусун бойлото кеткен ичке тилкелер акырындап кууш капчыгайга, анан кенен төрлөргө өтөт. Чаткал, Чандалаш суулары кошулган жеринде Ч. ө. түш.-батышты көздөй кеңейип жазы түздүккө айланат. Бул түздүктөр айрыкча Чаткал суусунун оң өйүзүндө бир кылка болуп созулат. Алардын чет-жакалары акырындап тоо таянган байыркы конус шилендилерине ж-а тоо капталдарына өтөт. Өрөөндө шагыл, кум, чопо м-н төшөлгөн 4 тектир бар. Алардын үстүнкү беттери майда суулардын өзөндөрү м-н тилмеленген. Ч. ө-нүн сол жээгиндеги жантайыңкы түздүктөр байыркы конус шилендилеринен, делювий, пролювий ж-а элювий чөкмөлөрүнөн түзүлгөн. Тоо таянган чет-жакаларында неогендин кызыл түстүү чөкмөлөрү жердин үстүнө чыгат. Кумбел тоосунун түн.-чыгыш четинен кесип өткөн жерде кууш капчыгайга айланып, интрузия тоо тектери жатат. Төмөнүрөөк өрөөн 10 кмге кеңейип (Акташтан ылдый) кайра капчыгай болуп кетет. Ч. ө. структурасы б-ча синклиналдык бүктөлүү; ийилүүгө палеозой фундаменти ж-а анын үстүндөгү кайнозой тектери да дуушарланган. Климаты мелүүн континенттик, жайы салкын, кышы суук. Жылдык орт. темп-расы өрөөндүн таманында 2,1°С, январдыкы –10,5°С, июлдуку 16,7°С. Жылдык жаан-чачыны төмөн жагында 350–450 мм, башында 700 мм. Агын суулары — Чаткал ж-а анын куймалары. 2500 м бийиктикке чейин шыбак-трагакант-төө тапандуу шыбак кылкандуу кургак талаа, 2000–3000 мде шыбактуу кылканактуу талаа, бадал аралаш шалбаалуу талаа, сейрек арча токою, 3000–3500 мде кылкандуу (негизинен бетегелүү), түркүн чөптүү, өлөң-шалбаалуу талаа, субальп шалбаасы, аска-зоока, шагыл таш, кармөңгү жатат. 3000 м бийиктикке чейин аюу чач, шашыр кеңири таралган. Өрөөндүн жогорку бөлүгүндө (Каратокодо) карагай токоюнун массиви бар. Ч. ө. респ-кадагы маанилүү тоют базасы катары белгилүү. Мында Ош облусунун, Талас р-нун ж-а Өзбекстандын малы жайылат. Өрөөндө Жаңыбазар, Тегирменсай, Канышкыя, Айгыржал кыш. жайгашкан. М. Кадыркулов