География:ТООЛУК—САРГАТА ОЙДУҢУ
Ички Теңиртоодо. Кетментөбө өрөөнүндө. Уз. 40 км, таманынын эң жазы жери 6 км. Деңиз деңг. орт. бийикт. 1500–2200 м, эң жапыз жери 1100 м (Саргата кыш.), бийик жери 4041 м (Суусамыр кырка тоосунда).
Суусамыр кырка тоосунун түш. этегинде чыгыштан (Тержайлак ашуусунан; бийикт. 2476 м) батышты (Торкен — Ничкесай суу бөлгүчүнө чейин) карай созулуп, Торкен, Тоолук сууларынын ортоңку агымындагы ж-а алардын куймаларындагы бир нече туюк ойдуңдарды камтыйт. Түштүгүндөгү Нарын д-нын өрөөнүнөн орто бийик (1600– 3105 м) тоо аркылуу бөлүнөт. Чыгышы Тоолук, батышы Саргата ойдуңу деп аталат. Саргата Суусамыр кырка тоосунун тармактары аркылуу Кышансуу, Белалды, Тоолук — Туздуусуу, Зындан, Мазарсуу өрөөндөрүнө бөлүнөт. Ойдуңдун таманы тектирлүү. Климаты кургакчыл, континенттик, январдын орт. темп-расы —15°С, июлдуку 14°С; жылдык жаан-чачыны 300 мм. Ойдуңга талаа ж-а бадал-токой аралашкан шалбаалуу талаа (2800 мге чейин), андан жогору субальп ж-а альп шалбаасы мүнөздүү. Чарбада жайыт катары пайдаланылат. Ойдуң аркылуу авт. жолу өтөт.