География:ТАЛАС ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Кырг-ндын түн.-батышында. Кыргыз Алатоосу м-н Талас Алатоосунун аралыгында кеңдик багытта созулат. Аймагында Талас, Манас, Бакайата ж-а Карабуура р-ндору жайгашкан.

Уз. 140 км, туурасы 26 км. Таманынын абс. бийикт. 700–1400 м. Өрөөндүн тоо капталдарына ж-а тоо этектерине эрозиялык, денудация, таманына аккумуляциялык рельеф мүнөздүү. Түн. бөлүгүндө структуралык жактан Кыргыз Алатоосу м-н туташып, ага жарыш жаткан Ортоктоо, Күнгөй, Каражылга, Эчкилитоо, Акташ тоолору жайгашкан. Өрөөн рельефинин түзүлүшү б-ча 3 бөлүктөн турат: Байыркы эрозиялык аккумуляциялык процесс өөрчүгөн жогорку кууш (жазылыгы 1–4 км) бөлүк (Үчкошой м-н Каракол сууларынын боюндагы 1400–2200 м бийиктеги тектирлер); Чатбазар кыш. м-н Карабуура суусунун аралыгында жайгашкан аллювий түздүгү; Карабуура ж-а Күркүрөө сууларынын аралыгындагы тилмеленген жазы (30 кмге чейин) жайык бөлүк. Өрөөн кембрийге чейинки ж-а палеозойдун башталышында пайда болгон кумдук, чопо, сланец, конгломерат, акиташ ж-а аларды жиреп чыккан интрузия тоо тектеринен турат. Өрөөндүн таманында ж-а тоо этектеринде төртүнчүлүк мезгилдин кум-шагылы м-н чополору кеңири таралган. Талас Алатоосунун түн. капталында ж-а анын Кыргыз Алатоосуна кошулган жеринде жалпы аянты 159,3 км2ге жеткен 210 мөңгү бар. Кар чеги 3450–3600 м бийикте. Климаты кон


тиненттик. Январдын орт. темп-расы батышында —8°С, чыгышында —7°С, июлдуку батышында 22°С, чыгышында 15°С.

Жылдык орт. жаан-чачыны 250–450 мм. Өрөөн аркылуу Талас, Үчкошой, Күркүрөө, Каракол суулары ж-а алардын куймалары агат. Жалпы аянты 2,64 км2 болгон 50 көл бар; ирилери: Бешташ, Табылгыты, Айдыңкөл, Орказган, Жылкыбай ж. б. Өрөөндүн таманында боз, саздуу жерлерде шалбаалуу бозомтук, чыгыш бөлүгүндөгү көтөрүңкү түздүктөрдө ж-а тоо этектеринде ачык коңур, тоо капталдарында кара коңур, тоолуу кара, тоолуу шалбаа топурагы мүнөздүү. Өрөөндө 1000 м бийикке чейин жарым чөл, андан жогору талаа (бетеге аксокто, эрмен, эспарцет, каракыяк, жалбыз, суу жээктеринде бадал токою), тоо капталдарында 2700 мге чейин талаа, шалбаалуу талаа, токойлуу талаа (аккылкан, бетеге, коңурбаш, кызыл от, изен), капчыгайларда ж-а тоолордун түн. капталдарында арча, карагай, кайың, зараң, четин ж-а Талас өрөөнүндө эндемик — Семёнов көк карагайы (Бешташ капчыгайында)] өсүмдүктөрү, 2500 – 2700 мден жогору субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафттары жайгашкан жапалак арча да кездешет. Талас д-нын өйүз-бүйүзүндө токой (терек, тал, бадал) бар. Өрөөндө Талас ш., Маймак шаарчасы ж-а көптөгөн кыш. жайгашкан. У. Атаканов