География:СОЛТОНСАРЫ ӨРӨӨНҮ
Ички Теңиртоодо. Каражорго ж-а Байдулу тоолорунун аралыгында кеңдик багытта созулуп жатат. Нарын р-нун аймагында. Уз. 24 км, орт. жазылыгы 6 км. Таманы деңиз деңг.
2800–3000 м бийиктикте жатат. Курчаган тоолордун кыры өрөөндүн таманынан 500–800 м бийик жатат. Таманы тегиз ж-а саздуу, булактар көп; түн. бети тик, түштүгү жантайыңкы. Батышы (Терсуунун алабы) куушураак, чыгышы (Солтонсарынын алабы) кенен тартып, жапыз. Белтепши ашуусу (бийикт. 3271 м) аркылуу Карасуу өрөөнү м-н байланышат. Терсуунун чатынан Солтонсарынын Онарчага кошулганга чейинки бөлүгү 2400 м бийиктикте жатып, кууш ж-а тик. Таманы неоген м-н антропоген мезгилдеринин конгломерат, кумдук, алевролит, мергель, кум-шагыл чополоруна толгон. Тоо капталдары девон м-н ордовиктин сланец, гравелит, кумдук, мергель тектеринен туруп, айрым жерлерин гранит, диорит интрузиялары жиреп чыккан. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы —18°С, июлдуку 10,2°С. Жылдык жаан-чачыны 400 мм. Аязсыз мезгилдин узактыгы 100 күнгө жетет. Өрөөн аркылуу Солтонсары ж-а анын куймалары (Терсуу, Карабулуң, Сокуташ, Белтепши) агат. Таманына доңуз сырттуу шалбаа, тоо капталдарына альп талаасы (күнгөй беттерге), шалбаалуу талаа ж-а шалбаа (тескей беттерге), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайкы жайыт.