География:МҮДҮРҮМ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ички Теңиртоодо.

Аксай өрөөнүнүн чыгышында, Атбашы р-нун аймагында жайгашкан. Түндүгүнөн Көбүргөнтү ж-а Жаңыжер тоолору, түштүгүнөн Какшаал кырка тоосу, чыгышынан Чоң Үзөңгүкууштун терең капчыгайы (Жүрөк) м-н чектешет. Уз. 80 км, туурасы 18 км. Өрөөндүн таманы 3800 м бийиктикте жатат. Курчаган тоолор өрөөндүн таманынан 1000—1300 м көтөрүңкү. Тоо капталдары өрөөнгө жантайыңкы түшүп, кокту-колоттуу, этектери адырлуу. Өрөөн ичи түзөң, морена чөкмөлөрү неогендин ж-а палеогендин кызыл түстүү чөкмөлөрүнүн үстүндө жатат. Какшаал ж. б. курчаган тоолордон түшкөн мөңгүлөр чет-жакаларында жапыз мореналарды пайда кылат. Өрөөндүн бүт аймагына түбөлүк тоң мүнөздүү (калыңдыгы 100 мге чейин). Саздуу жерлер, майда тайыз көлдөр бар. Өрөөн аркылуу Мүдүрүм суусу ж-а анын куймалары агат. Климаты кескин континенттик, өтө суук. Январдын орт. темпрасы –28°С, июлдуку 8°С; жылдык орт. жаан-чачыны 250–300 ммден ашпайт. Өрөөнгө жарым-чөл, кургак талаалуу субальп (3600 м бийиктикке чейин), шалбааталаалуу альп (3900 мге чейин), андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.