География:КЫЗЫЛҮҢКҮР ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Түш. Кырг-ндагы табигый кооз жер. Базаркоргон р-нун аймагында. Батышынан Бабашата, түндүгүнөн Исфанжайлоо ж-а Кеңкол, чыгышынан Тогузбулак тоолору м-н чектешет. Уз. 32 км, туурасы 16 км. Арстанбапка жанаша жатып, Базаркоргон кышнан 55 км аралыкта. Деңиз деңг. орт. бийикт. 2905 м, эң бийик жери 3754 м (Айлампа чокусу), эң жапыз жери 1000 м. Түрдүү түстөгү чөкмө тоо тектерден (кумдук, акиташ теги ж. б.) турган кокту-колоттуу бөксө тоолор 2100 мге чейинки аймакты ээлейт. Бийиктеген сайын палеогендин кызыл, күңүрт-кызыл ж-а боз түстөгү чөкмөлөрү азайып, палеозойдун акиташ, кристаллдуу сланец тоо тектеринен турган аскалуу тоолор басымдуу. Климаты мелүүн континенттик, жаан-чачындын таралган режими б-ча жер ортолук деңиздик климатка окшош. Январдын орт. темпрасы —4...—8°С, июлдуку 15–20°С. Жылдык жаан-чачыны 700–900 мм, андан бийигирээк жерлеринде 1200 ммге чейин.

Кышында кар калың түшөт. Жалпы аянты 7 км2ге жеткен 23төй майда мөңгү бар; эң ириси — Аккоргон мөңгүсү (уз. 2,6 км). Суулары (Карүңкүр, Күрөбөс, Күмүш, Шайдан ж. б.) Карадарыянын алабына кирет. 1840 м бийикте жайгашкан Кеңкол көлү (аянты 0,1 км2) — Түш. Кырг-ндагы кооз көлдөрдүн бири. Кооз ландшафтын мындай жыш өскөн жаңгак-жемиш токою — неоген мезгилинде жылуу субтропиктик климаттык шартта өсүп, ыңгайлуу орографиялык ж-а климаттык шартка байланыштуу сакталып калган жазы жалбырактуу торгой флорасынын өкүлү. Арстанбап, Каралма, Сарычелектеги токойлордон К. ө. кооздугу м-н өзгөчөлөнүп турат. Бул жер жаңгак-жемиш токоюнун өтө жыштыгы ж-а кеңири аянтты ээлөөсү м-н айырмаланат. Анда жаңгактан башка алма, алмурут, бадам, өрүк, алча, карагат, айвансары, изирик, саскайың сыяктуу жапайы жемиш дарактары ж-а долоно, шилби, итмурун, асамуса, тал сыяктуу дарактар, бадалдар өсөт. Бийиктеген сайын жаңгак токою суюла баштап, 2100 мден өйдө жолукпайт. Андан жогору шалбаалуу карагай токой субальп, альп, гляциалдык-нивалдык зоналар жатат. Кеңкол суусунун боюнда карагай токоюнун массиви бар. К. ө. эмгекчилердин эс алуусуна ж-а туризмге ыңгайлуу. Эс айлуу жайлары бар. Кызылүңкүр токой чарбасы жаңгак, алма, алча ж. б. мөмө жемиштерди жыйнап мамлекетке тапшырат. Өрөөндө Кызылүңкүр, Акбулак, Катаржаңгак кыш. жайгашкан. Ө. Бараталиев