География:КОЧКОР ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ички Теңиртоонун түндүгүндө. Түндүгүнөн Кыргыз Алатоосу, батышынан Кызарт ж-а Жумгал тоолору, түштүгүнөн Карагатты, Бабата, Үкөк тоолору, чыгышынан Карагоо тоосу м-н чектелет. Түн.-чыгышында Ортотокой суу с. бар. Өрөөндүн уз. 80 км, туурасы 20 кмче. Кеңдик б-ча жайгашып, трапеция формасында. Таманынын деңиз деңг. бийикт. 1800–2500 м. Рельефи морфологиялык өзгөчөлүгү б-ча аккумуляциялык түздүккө, өрөөн ичиндеги, тоо этегиндеги адырларга ж-а тоолорго бөлүнөт. Айланасындагы тоолор өрөөндөн салыштырмалуу 1500– 2500 м бийикте жатат. К. ө. негизинен палеоген-неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдеринин чөкмө тектеринен түзүлгөн. Палеозойдун чулу тоо тектери Ортоктун тоосунда ж-а өрөөнгө кирип турган тоолордун тармагында чыгып жатат. Өрөөн тектон. түзүлүшү б-ча асимметриялуу грабен-мегасинклиналь. Кен байлыктарына таш туз (Кочкор туз кени) ж-а курулуш материалдары кирет. Климаты континенттик, кургакчыл, июлдун орт. темп-расы 16,3°С, январдыкы —10° С. Батыштан соккон «кызарт» шамалы жыл бою үстөмдүк кылат.

Жылдык жаан-чачыны 200–300 мм. Кочкор суусунун бою саздуу. Өрөөндүн таманы ачык күңүрт ж-а коңур, ал эми тоо капталдарында көбүнчө куба коңур топурактуу. Өрөөндө шалбаалуу саздак (өлөң чөп, камыш, кыйгак), жарым чөл ж-а кургак талаа, тоолордо талаа (каракыяк, бетеге, таракбашы, шыбак), субальп, альп доңуз сырттуу шалбаа (айгыр жыгар, сары байчечекей, шимүүр ж. б.) өсүмдүктөрү, суу бойлорунда чычырканак, тал өсөт. Чыгышы кургакчыл, жарым чөлдүү (Семизбел, Карой, Арсы ж. б.), борб. бөлүгү кургак талаа ж-а саздуу түздүк, түндүгү жантайыңкы шиленди-түздүктүү кургак талаа (Коңорчок, Кыргоо ж. б.), түш. жагы адырлуу талаа (Туз, Айгыржал, Аракөл), түш.батыш бөлүгү бетеге талаалуу өрөөн (Узунбулак) ж-а түн.-батышы тоо шалбаалуу-талаалуу өрөөн (Ийрисуу). Орток м-н Кыргыз Алатоонун аралыгында мореналуу Сараласаз-Акбез шалбаалуу талаа, өсүмдүктүү өтө жантайыңкы шиленди түздүк орун алган. Өрөөндүн таманы дыйканчылыкка, тоолуу бөлүгү жайыт, өзгөчө кышкы жайыт катары пайдаланылат. Табигый өзгөчөлүгү мал чарбасын өнүктүрүүгө ыңгайлуу. Өрөөндө Акучук, Чолпон, Кеңсуу, Арсы, Кумдөбө, Шамшы, Карасаз, Теңдик ж. б. кыш. ж-а райондун борб. Кочкор кыш. бар. К. ө. аркылуу Бишкек — Торугарт, Балыкчы—Миңкуш авт. жолдору өтөт. Д. Шакирбеков, Т. Кулматов