География:КОЖАШКАН ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Алай кырка тоосу ж-а Кулдуктоонун аралыгында.

Аянты 120 км2, уз. 42 км, туурасы 12– 30 км. Деңиз деңг. бийикт. 1800–4000 м. Батышы кууш, тармактанган тик капчыгайлардан турат, чыгышы жазы. Палеозойдун сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. К. ө. — тектон.-эрозиялык өрөөн. Климаты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 18° С, январдыкы —10°...—15° Сге чейин; жылдык жаан-чачыны 350–500 мм. Суулары: Жылуусуу, Уялусуу, Кулп. Курчаган тоолордун өрөөн жак беттеринде 20дан ашык майда мөңгү бар. Ирилери: Уялусуу, Кулп. Жылуусуу ж-а Уялусуу сууларынын алабында (3000 м бийиктикте) 18ден ашык ысык (темп-расы 50° Сден жогору, составында күкүрт басымдуу) булак чыгат. Таманын маданий ландшафт ээлейт; андан жогору талаа (1800–2500 м), токой (2500— 3200 м) субальп, альп шалбаалуу талаа ж-а кар-мөңгү (3500 мден жогору) жатат. Шалы эгилет. Баткен р-нун жайлоосу.