География:КЕГЕТИ ӨРӨӨНҮ
Кыргыз Алатоосунун түн. капталында, Кегети суусунун алабын ээлейт. Чүй р-нун аймагында. Уз. 35 км, таманынын жазы жери (Чүй өрөөнүнө чыга бериште) 3–4 км, кууш жери (ортоңку бөлүгүндө) 400–600 м. Өрөөндүн ооз (түн.) тарабы деңиз деңг. 1400 м, төрү 3600 м бийиктикте жайгашкан. Эрозиялык ж-а денудациялык процесстерден пайда болгон.
Көп бөлүгү V формасында. Таманында төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө тектери жокко эсе. Кегети өрөөнүнүн ландшафтына бийиктик зоналуулук мүнөздүү. Анда талаа ж-а шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа бадал аралаш, субальп, альп шалбаасы мүнөздүү. Бийик чөптүү шалбаа аралаш өскөн карагай токою, аскалуу тоо беттери өрөөндүн табиятына өзгөчө кооздукту берип турат. Баш жагында көл ж-а шаркыратма бар. Кегети аркылуу Чүй ж-а Кочкор өрөөндөрүнө мал ашырылат.