География:КАРАСУУ ТҮЗДҮГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

, О ш— К а р а с у у т ү з д ү г ү Фергана өрөөнүнүн чыгышында. Чыгышынан Отузадыр, батышынан Анжиян, түштүгүнөн Лаглан, Ноокат адырлары м-н чектешет. Уз. 70–80 км, жазылыгы 40–50 км. Деңиз деңг. орт. бийикт. 1013 м. Түздүктөн Ош, Чилмайрам тоолору көтөрүлүп жатат. Түндүккө карай жантайыңкы. Жери түз, майда дөңсөөлөр кездешет. Төртүнчүлүк мезгилинин кум-чополуу тектери ж-а лёсс (калыңдыгы 25 мге чейин) м-н капталып, боз топурактуу. Жайы ысык (июлдун орт. темп-расы 24– 25°С), кышы жылуу (январдыкы —3... –4°С). Жылдык жаан-чачыны 250–360 мм. Түздүк аркылуу Акбуура, Шааркансай суулары агат. Жарым чөл, кургак талаа ж-а талаа ландшафты басымдуу. Пахта, тамеки, рапс, тоют өсүмдүктөрү, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Түздүктө Ош, Карасуу ш. ж-а бир нече кыштак жайгашкан.