География:КАРАСАЙ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ички Теңиртоодо.

Нарын д-нын жогорку алабында. Түндүгүнөн Кызылешменин байыркы морена кырлары, чыгышынан Акшыйрак, түштүгүнөн Борколдой кырка тоолору м-н чектешет. Аянты 854 км2, чыгыштан батышка 61 кмге созулат. Туурасы 1–9 км. Бийикт. 3200–4000 м. Таманы төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмө тектери м-н капталган. Жогорку бөлүгү мореналуу тепши сымал; ортосу тар эрозиялык, төмөнкү бөлүгү жайылган кашаттуу. Орто бөлүгүнүн сол жээги (уз. 15–20 км, туурасы 1–1,5 км) борпоң майда кум катмары м-н капталып, аянты барган сайын кеңейүүдө. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –21°С, июлдуку 4–9°С. Жылдык жаан-чачыны 186 мм. Шамал көбүнчө батыштан согот. Өрөөндүн башында Түн. Карасай (аянты 46,5 км2, уз. 12 км, туурасы 1–1,5 км) ж-а Түш. Карасай (аянты 17,2 км2, уз. 4 км), туурасы 1 км өрөөн мөңгүлөрү, сол өндүрүндө аянты 3,8 км2 келген асылма мөңгүлөр жатат. Өрөөн аркылуу Карасай суусу агат. Жогорку ж-а ортоңку бөлүгүндө булактар, саз ж-а майда көлдөр кездешет. Шалбаалуу субальп (шимүүр, тогуз төбөл, суйсаң, чыйпылдак, чекилдек, казтаман, аксото, бетеге ж. б.), альп (жер жаздык, тоо сойгок, кымыздык, доңуз сырты ж. б.) ж-а нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Өрөөндө Ысыккөл облусунун Жетөгүз р-нун малы багылат. Авт. жолу аркылуу Ысыккөл өрөөнү м-н байланышат. Барскон — Акшыйрак электр зымы (ЛЭП) өтөт.