География:КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ Талас өрөөнүнүн чыгышында, Кыргыз Алатоосу ж-а анын тармактары Ортотоо, Бакайташ, Кошойташ тоолорунун аралыгында, Талас р-нун аймагында. Каракол суусунун агымы м-н кеңдик багытында 99 кмге созулат. Туурасы 7 км. Өрөөн деңиз деңг. 1600–3000 м бийиктикте жатат. Курчап жаткан тоолордун чокулары өрөөндүн таманынан 1300– 1600 м көтөрүңкү жатат. Өрөөндүн башы кууш капчыгай формасында келип, Ортотоо м-н Бакайташтын аралыгында 10–12 кмге кеңеет, андан ары батышка карай кууштап, аяк жагында кайра кеңейип, Талас өрөөнүнө чыгат. Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин кум, шагыл, чопо шилендилеринен, курчаган тоо капталдары ортоңку палеозойдун андезиттүү ж-а базальттуу порфирит, туф ж. б. тектеринен турат. Климаты мелүүн континенттик; июлдун орт. темп-расы 13–14°С, январдыкы —1...–8°С, жылдык жаан-чачыны 300— 450 мм. Өрөөндүн таманына талаа ж-а шалбаалуу талаа, жайылмаларда шалбаалуу токой, тоо капталдарына талаа (2700 мге чейин), шалбаалуу талаа ж-а шалбаалуу токой (2700–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3500 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт, чабынды, батышы айдоо катары пайдаланылат. Өрөөндө Талас р-нун кыштактары жайгашкан.