География:КАЙЧЫ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Борб. Теңиртоодо.

Какшаал тоо тизмегинин түн. капталында, Акшыйрак суусунун алабында жайгашкан. Жетөгүз р-нун аймагында. Уз. 32 км, туурасы 300–500 м. Кайчы м-н Айрытөр суулары кошулган жерде 1 кмге жетет. Төмөнкү бөлүгү кууш капчыгай. Өрөөндүн таманы деңиз деңг. 2840– 3800 м бийиктикте жатат. Какшаалдын өрөөндү караган түн. капталы кар-мөңгүлүү. Өрөөндүн төрү Кайчы ашуусуна (4463 м) барып такалат. Төртүнчүлүк мезгилдин орто ченинде Кайчы суусунун алабынан түшкөн муздуктар 27 кмге созулуп, тепши сымал өрөөндү түзгөн. Таманына байыркы ж-а азыркы мөңгү шилендилери пайда кылган дөбө-чуңкурлуу рельеф мүнөздүү. Азыркы мөңгүнүн жалпы аянты 39,16 км2. Өрөөн девондун кумдук, сланец, алевролит, карбондун кумдук, акиташ теги, сланец, мергель тоо тектеринен түзүлгөн. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орт. темп-расы —15,1°С, июлдуку 11,8°С. Жылдык жаан-чачыны 195 мм. Субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (2800–3900 м), андан жогору субнивалдык, нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.