География:БАТЫШ КАРАСУУ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Батыш Теңиртоодо, Атойнок кырка тоосунун түш.батыш капталында, Карасуунун аккан багыты б-ча түндүктөн түштүккө карай 65– 70 кмге созулат. Өрөөн негизинен эрозия процесстеринен пайда болгон. Өрөөндүн төрү кууш (500–1000 м), терең тилмеленген, V формасында; таманынын басымдуу бийикт. 1500–1700 м. Ортоңку ж-а төмөнкү бөлүктөрү кенен ж-а жазы (6–7 км). Карасуунун Нарын д-на чыга берген жери кууш, жардуу. Жогорку бөлүгүнө шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа ж-а шалбаалуу токой. Ортоңку ж-а төмөнкү бөлүктөрүнө кургак талаа ж-а талаа ландшафт алкактары мүнөздүү; таманында бадалдуу токойлор кездешет. Төрү жайыт. Ортоңку бөлүгүнүн таманы айдоо, чабынды катары пайдаланылат. Өрөөндө кыштактар ба р.