География:БАТЫШ КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ
Ички Теңиртоодо. Суусамыр өрөөнүнүн чыгышында, Кыргыз Алатоосу м-н Карамойнок, Жумгал, Киндик тоолорунун аралыгында жайгашкан. Батышында Көккыя кырка тоосу Ийрисуу өрөөнүнөн бөлүп турат. Уз. 60 км, туурасы 2–3 км. Таманынын бийикт. 2100–3000 м. Суусамырга караганда алда канча кууш, капталдары тик. Чыгышты көздөй өрөөн өтө кууштап, Карамойнок тоосу эки айрыкка — Караколдун төрүнө ж-а Батыш Сөөккө бөлөт.
Төмөнкү бөлүгү түш.-батышка карай созулуп жатат. Өрөөн аркылуу Батыш Каракол суусу [куймалары: Туюкаларча, Ашууаларча, Сокулук, Чаарташ (оң), Сөөк, Музтөр, Шилисуу (сол) ж. б.] агып, Суусамырга куят. Климаты континенттик. Кышы суук ж-а узак, январдын орт. темпрасы – 21°С, июлдуку 13–14°С. Жылдык жаан-чачыны 350–500 мм. Өрөөндүн ж-а Жоожүрөктүн жапыз бөлүктөрүнө бетегешыбактуу кургак талаа, 2200–2700 м бийиктикке бетеге тулаңдуу, түркүн чөптүү талаа, шалбаалуу талаа, Кыргыз Алатоосунун нымдуураак (500 ммге чейин) жогорку капталдарына кылканактуу түркүн чөптүү субальп, бетеге, өлөң чөптүү, доңуз сырттуу шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Тектирлерде кара бүргөн, шыбак, бетеге, буудайык ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Суу боюнда өлөң чөптүү шибер, талтерек, токой кезигет. Суусамыр м-н Б. К. ө. кошулган жерде мурда чытырман токой болгон. Аёосуз кыюнун натыйжасында токой суюлуп кеткен; азыр тал, кайың, ыргай, итмурун, шилби, асамуса, чычырканак ж. б. кезигет. Жайлоо; түз жерлери айдалып эгин, тоют өсүмдүктөрү эгилет.