География:АЮУТАПАН ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Түш. Кыргызстандагы Жошолу өрөөнүнүн (Гүлчөнүн алабында) бир тармагы. Уз. 26 км, туурасы 1–2 км. Абс. бийиктиги 2800–3000 м.

Өрөөн жалпы жонунан V формасында, чыгыштан батышты көздөй созулуп жатат. Аяк тарабы кууш капчыгай; тоо беттери корум ж-а шагыл таштуу. Кар көчкү көп жүрөт. Климаты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 16,2°С, январдыкы –8,6°С. Кыш эрте түшүп, кеч чыгат. Жазы жаанчыл, кыян жүрөт. Жылдык жаан-чачыны 400–450 мм. Негизги суусу — Аюутапан. Түштүктү караган күнгөй беттери шагылдуу аскалардан туруп, кургак талаага мүнөздүү өсүмдүктөр өсөт; табылгы, чие, итмурун, шилби ж. б. бадалдар, арча да кездешет. Өрөөндүн түндүктү караган беттери нымдуураак келгендиктен өсүмдүктөргө бай; мында карагай, арча, тал, четин, итмурун ж. б. өсөт. Токой тилкесинен жогору субальп ж-а альп ландшафттары мүнөздүү. А. ө-нүн Алай р-ну жайыт катары пайдаланат.