География:АЛАЙ ӨРӨӨНҮ
— Кырг-ндын түштүгүндө кеңдик багытында созулуп жаткан бийик тоо өрөөнү. Түндүгүнөн Алай, түштүгүнөн Чоң-Алай кырка тоолору, чыгышынан Көксуу, батышынан Алай кырка тоосунун тармактары м-н чектешет.
Аянты 8,4 миң км2. Уз. 174 км, туурасы чыгыш бөлүгүндө 27 км, батышында 3–7 км, ортоңку бөлүгүндө 40 км. Деңиз деңг. орт. бийикт. 3000 м, эң бийик жери чыгышында 3536 м (Тоомурун ашуусу), эң жапыз жери батышында 2440 м (к. Карамык). А. ө-нүн рельефинин азыркы турпаты неотектоникалык кыймылдардан ж-а тышкы күчтөрдөн (төртүнчүлүк доордогу муз каптоо, эрозия, үбөлөнүү ж. б.) пайда болгон. Жалпысынан А. ө. батышты карай акырындап жантайган түздүк; ага тектирлүү жайылмалуу өрөөн, тоо этегиндеги шиленди түздүктөр, мореналык дөбөдөңсөөлөр, («төөкарындар») чуңкурчактар мүнөздүү. Өрөөндү караган Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталынын жазылыгы 25 км, жантаюусу 23–25°; орт. бийикт. 6000 м, эң бийик жери 7134 м (Ленин атн. чоку). Капталдарында терең, тепши сымал мөңгүлүү өрөөндөр көп. Ал эми өрөөндү түндүгүнөн чектеген Алай кырка тоосу Чоң Алайга караганда 1500– 2000 кмге жапыз; өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийикт. 1200–2000 м; өрөөндү караган түш. капталы кыска (4– 15 км) ж-а тик. А. ө. калыңдыгы 700–800 мге жеткен байыркы ж-а азыркы аллювий-пролювий ж-а гляциалдык тектерге толгон. Өрөөндүн түш. капталдары мезозой м-н кайназой тектеринин калың катмарынан, айрым жерлери бор ж-а неогендин кызыл, кызгылт-күрөң түстөгү кумшагылдуу конгломераттарынан, дарыя өрөөндөрү палеоген (кум, мергель, чополуу сланец) м-н неогендин (кызыл түстүү кумдук, конгломерат) тектеринен турат. Өрөөндүн түн. капталдары палеозойдогу бүктөлүүгө дуушарланган деңиз чөкмөлөрүнөн, силурдун, кумдук, сланец, девондун акиташ теги, сланец, кумдук, карбондун конгломерат тектеринен түзүлгөн. Кен байлыктары: көмүр, күйүүчү сланец, таштуз, курулуш материалдары ж. б. Климаты Орто Азия аба массасынын циркуляциясы м-н тыгыз байланышта. Өрөөндү курчаган бийик тоолор аба массаларынын эркин өтүшүнө тоскоол болуп тургандыктан түн., түн.-батыштан соккон муздак аба массасы жаз, жай айларында Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталдарына, түштүктөн сейрек соккон жылуу аба кышында Алай кырка тоосунун түш.батыш капталдарына арбын жаан-чачын алып келет. Өрөөндүн этек бөлүктөрү кургакчыл. Жалпысынан А. ө-нүн климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы өрөөндүн чыгышында –17,5°С, батышында –14,4°С, июлдуку чыгышында 9,2°С, батышында 15,3°С. Жаан-чачыны чыгышында 346 мм, батышында 271 мм. Өрөөн аркылуу чыгыштан батышка Кызылсуу д. агып өтөт. Ал Алай кырка тоосунан башталган Айлама, Чоң Алайдан башталган Карасуу сууларынын кошулушунан түзүлөт. Байыркы мореналардын арасындагы чуңкурларда майда көлдөр көп (Орточукур, Боокачукур, Корумдучукур). Өрөөн жер астындагы сууларга да бай. Агыш күрөң, коңур каралжын, тоо шалбаа, чымдак, аллювий топурагы ба
сымдуу. Физикалык географиялык шартына жараша (түш. тарабынан тоолор м-н курчалып, деңиз деңг. бийик абалы, Памир м-н Теңиртоонун чегинде жатышы) Алайдын өсүмдүктөрү да айланасындагы аймактардан өзгөчөлөнүп турат.
Өрөөндүн таманынын батышындагы чөл өсүмдүктөрү чыгышты карай талаа, шалбаалуу талаа м-н алмашат. Тоо капталдарына субальп ж-а альп талаасы, шалбаалуу талаа ж-а дүңгөлүү шалбаалуу талаа мүнөздүү. Батыш четинде сейрек арча токою, суу жайылмаларында тал, бака терек, бадал өсүмдүктөрү өсөт. Кыртыш суулары жер бетине жакын жайгашкан аймактарды шалбаалуу саздар ээлейт. А. ө-нүн мал чарбасында мааниси чоң. Анда Ош, Баткен облустарынын малдары жайлайт. Чабынды жерлери да кеңейүүдө. Өрөөн аркылуу Ош— Хорог авт. жолу өтөт. Дарооткоргон кыш-нда 18–19к-га таандык чеп (сокмодубал) коргондор, Алтындарадагы мазарларда араб (16-к.) жазуулары бар. К. Матикеев