География:АЛАЙКУУ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Алайкуу (батыш), Терек (түш.) ж-а Фергана (түн.) тоолору м-н курчалган бийик тоо өрөөнү. Уз. 75 км, туурасы 15 км. Орт. бийикт. 2300 м, жеринин бети тоолуу келип, түн батышты көздөй жантайыңкы. Борб. бөлүгү жайык. Дөңсөөлүү түзүлүштөгү талкаланып тегизделген жондор, чөкмө тектер м-н капталган байыркы түздүктөр, жарыш жайгашкан кырлар ж-а өрөөндөр мүнөздүү. Негизинен бор ж-а юра мезгилинде пайда болгон тоо тектерден түзүлгөн. Көмүрдүн кени бар. Климаты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 15,7°С, январдыкы –17,9°С. Жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Суулары: Балгынды, Кашкасуу, Карагатты, Сабажарды, Кайыңды, Казык, Акбогус Терек ж.б.

Көлдөрү: Кулун, Көлкайыңды. Негизинен талаа-тулаң (2300–2700 м), токойлуу шалбаа (2700–3100 м), токой (3000–3500 м), субальп, альп шалбаасы (3500–3900 м) ж-а маданий (2100–2500 м) ландшафттар мүнөздүү. А. ө-нүндө Сагындык ж. б. кыш. жайгашкан. Мал чарбасы өнүккөн; жай ыт.