География:АГАТАНМАНАК ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Алай кырка тоосунун чыгышында субмеридиан багытында созулуп жатат. Аянты 40 км2ден ашык. Уз. 70 кмдей. Жеринин бети түш.чыгыштан түн.-батышты карай жантайыңкы; дөңсөөлүү. Негизинен палеозойдун карбонаттуу терриген тоо тектеринен түзүлгөн. Кышы суук, жайы мелүүн. Жылдык жаан-чачыны 450–500 мм. Өрөөн аркылуу Агатанманак суусу (Мурдаштын бир курамы) агат. Токой (2300–2500 м), субальп (2500–3000 м) ж-а альп шалбаалуу талаа (3000–3600 м) ландшафты басымдуу. Жайкы жайыт.