География:ШАНЕК (ШАНЫК) АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Талас Алатоосунда. Бешташ (Таластын оң куймасы), Шанек (Узунакматтын сол куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 3532 м. Ашуу соңку ордовиктин гранит, гранит-диорит тектеринен турат. Ашуунун мойногу тар ж-а тик, капталдары терең капчыгайларга түшөт. Ашуу июнь айынан октябрь — ноябрга чейин ачык болуп, мал ашырылат. Талас ж-а Кетментөбө өрөөндөрүн байланыштырат.