География:ЧЫТТЫ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Батыш Теңиртоодо, Фергана тоо тизмегинде. Чытты (Жазынын оң куймасы) ж-а Бычан (Алабуганын башы) сууларынын башталышынан орун алган.

Бийикт. 3572 м. Ашуу юранын конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит тектеринен турат. Мойногу түзөң, капталдары анчалык тик эмес. Ашуу июнда ачылып, сентябрдын аягында жабылат. Бел аркылуу Фергана ж-а Арпа өрөөндөрүн байланыштырган авт. жолу курулат деген долбоор бар (2003). Мал чарбасында мааниси чоң.