География:ЧЫЙЫРЧЫК АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Түш. Кырг-ндагы Алай кырка тоосунун түн. капталында.

Гүлчө м-н Талдык сууларын бөлүп турган Кумбел тоолорунун жапыз бөлүгүндөгү бел. Оштон 65 км аралыктагы Бешконуш өрөөнү аркылуу чыгышты карай жүргөндө Ч. а. башталат. Деңиз деңг. бийикт. 2402 м. Капталдары бир кыйла тик болгондугуна карабастан, ийри-буйру кеткен каптал жол (серпантин) аны анчейин бийик эместей сездирет. Ашуу аркылуу Ош — Хорог авт. жолу өтөт.