География:ЧОҢАШУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Тескей Алатоонун чыгыш бөлүгүндөгү ашуу. Түргөнаксуунун куймасы Көккыянын ж-а Оттук суусунун тепши сымал өрөөндөрүнүн төрүндө жайгашкан. Бийикт. 3822 м. Аймагындагы чокулардан 380 м төмөн, өрөөндөрдөн 380— 500 м көтөрүңкү жатат. Ашуунун түн. капталынын рельефи татаал, байыркы мөңгү таштардын калдыктары бир нече баскычтуу, дөбөлүү чуңкурларды түзүп, 3 км жол 14 чукул, татаал бурулуштардан турат.

Жер астындагы суулардын таасиринен жолдун айрым бөлүктөрүндө жер көчкүлөр жүрүп турат. Түш. капталында кээде эшилме шагыл таштар ж-а жер көчкүлөр жолду бөгөп калат. Ашуунун чарбачылыкта (жайыттарга малды ашырууда ж-а тоокен жумушчуларын тейлөөдө) мааниси зор. Ал аркылуу Ысыккөл өрөөнүн Сарыжаздын алабындагы өрөөндөр (Көөлү, Эңилчек, Кайыңды, Үчкөл ж. б.) м-н байланыштыруучу авт. жолу өтөт.