География:ТОҢМУРУН АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Алай р-нунун түш.чыгышындагы Башалайдын чыгыш четинде. Бийикт. 3536 м. Алай ж-а Чоң Алай кырка тоолорун туташтырган белбаскак жер.

Амударыя м-н Тарим д-нын алаптарына кирген эки Кызылсуунун суу бөлгүчү. Рельефи тайпак, жазы дөңсөөгө — платого окшойт. Метаморфизмделген сланец, акиташ теги, гипс тектеринен тургандыктан аймагынан карстык чуңкурчалар кезигет. Бетегелүү талаа ландшафты мүнөздүү. Тоңмурун эзелтен эл катташкан, кербен жол болгон. Андан байыркы Улуу Жибек жолунун бир тармагы өткөн. Ашуу аркылуу авт. жолу салынган.