География:ТОҢ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Тескей Алатоодо, Тоң ж-а Үчемчек (Кичи Нарындын башы) сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 4023 м. Гранит-диорит, интрузия тектеринен турат. Ашуунун түн. капталы жантайыңкы, түштүгү тик. Кышында ашуудагы жол кыска убакытка бекийт. Ашуу аркылуу мал ашырылат.