География:ТЕРЕКДАВАН АШУУСУ
Алай кырка тоосунун чыгышында, Терексуусунун башында. Бийикт. 4135 м. Девондун метаморфизмделген тектеринен турат. Түн. капталы (тескейи) тигирээк, катаал, кар-муздуу, көчкү жүрөт; күнгөйү тайпагыраак, корум, шагыл таштуу. Фергана м-н Кашкарды байланыштырган белгилүү ашуу. Жолунун татаалдыгына карабастан, чукул болгондуктан кербенчилер Т. аркылуу көбүрөөк ашкан. Ферганадан Индияны көздөй жөнөгөн орус саякатчысы Ф. Ефремов аны 1780-ж. ашып өткөн.